Кыргызстанда жарандардын укуктарын коргоону күчөтө турган жаңы кодекс сунушталды

Юстиция министрлиги коомдук талкууга административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө жаңы кодекстин долбоорун чыгарды. Анда мамлекеттик органдардын мыйзамсыз чечимдеринен же аракеттеринен жарандарга жана бизнеске келтирилген зыяндын ордун толтуруу укугу биринчи жолу кеңири бекемделген.
Долбоорго ылайык, эгер мамлекеттик орган мыйзамсыз чечим, аракет же аракетсиздик аркылуу жаранга же уюмга материалдык зыян келтирсе, ал мыйзамда белгиленген тартипте толтурулат.
Ошондой эле мамлекеттик орган жаран ак ниеттүү аракет кылып, берилген укуктан пайдалана баштаган болсо, ага пайдалуу болгон чечимди негизсиз жокко чыгара албайт. Мындай чечимди жокко чыгарууга мыйзамда так көрсөтүлгөн учурларда гана жана жарандын мыйзамдуу күтүүлөрүн коргоо принцибин эске алуу менен жол берилет.
Долбоордун авторлору азыркы административдик мыйзамдарда боштуктар жана карама-каршылыктар бар экенин белгилешет. Жаңы кодекс бардык мамлекеттик органдар үчүн бирдиктүү эрежелерди киргизип, алардын жоопкерчилигин күчөтүп, жарандардын укуктарын коргоону жакшыртууну көздөйт.
Мындан тышкары, долбоор «бирдиктүү терезе» принцибин киргизет, мамлекеттик органдардагы маалыматтарды жарандардан кайра талап кылууга тыюу салат, кайрылууларды тиешелүү мекемеге өз алдынча жөнөтүүнү милдеттендирет жана айрым мамлекеттик кызматтарды чиновниктердин катышуусуз автоматтык түрдө көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.



