Шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылгандарга айып пул салынат

Президент Садыр Жапаров Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
Мыйзамга ылайык, Кодекстин 65-беренеси төмөнкү жоболор менен толукталды:
Шайлоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүп жаткан мыйзамдуу шайлоо алдындагы үгүт иштерине тоскоолдук кылган жеке жактарга 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.
Эгерде мындай тоскоолдукту турак жай ээлеринин шериктештигин (ТСЖ), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарын же башкаруучу компанияны башкарган адамдар жасаса, анда жеке жактарга 5 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом айып пул каралат.
Мыйзамга ылайык, үгүт иштерине тоскоолдук кылуу деп үгүт жүргүзүү үчүн жайларга, объектилерге же аймактарга кирүүгө мыйзамсыз бөгөт коюу, үгүт жүргүзүүгө бөлүнгөн жайларды же аянттарды негизсиз берүүдөн баш тартуу, аларды пайдаланууну токтотууну талап кылуу, ошондой эле үгүт иштерин өткөрүүгө атайылап тоскоол болгон же аны олуттуу түрдө кыйындаткан башка шарттарды түзүү түшүнүлөт.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин — 28-июлда күчүнө кирет.



