Улуу-Памирде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленди

Түркия Республикасынын Ван аймагындагы Улуу-Памир айылында Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган XII маданий фестиваль болуп өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Түркиянын Адилеттик жана өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары Куршад Зорлу, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Ван провинциясынын губернатору Озан Балжы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, этникалык кыргыздар, ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын маданият жана илим өкүлдөрү катышты.
Катышуучулар кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктарга негизделген өзгөчө маанисин белгилешип, Улуу-Памир кыргыздарынын улуттук каада-салттарды, эне тилди жана маданий өзгөчөлүктү сактоодогу ролун жогору баалашты.
Элчи Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана кыргыз элинин атынан катышуучуларды эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы менен куттуктап, өлкөнүн эгемендүүлүк жылдарындагы жетишкендиктерин жана «Жаңы Кыргызстан» багытындагы саясий, экономикалык жана инфраструктуралык реформаларды белгиледи.
Ошондой эле ал Кыргызстан менен Түркиянын ар тараптуу стратегиялык кызматташтыгынын жогорку деңгээлин жана быйыл эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 35 жыл толуп жатканын айтты.
Мындан тышкары, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганга, Түркиянын Тышкы иштер министрлигине жана түрк тарапка Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин колдогону үчүн ыраазычылык билдирилди.
Фестиваль Кыргызстандын чыгармачыл жамааттарынын концерттик программасы, музыканттар менен бийчилердин өнөр көрсөтүүсү, көк бөрү баш болгон улуттук ат оюндарындагы мелдештер, ошондой эле элдик кол өнөрчүлүк жана улуттук ашкананын көргөзмөсү менен жыйынтыкталды.



