17 жаштагы өспүрүм кыздын өлүмү. Бул тууралуу ИИМ окуянын чоо-жайын билдирди

Өспүрүм кызды өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 27-сентябрь күнү саат 20:30да милиция бөлүмүнө Т.А. аттуу жаран кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 12:30 чамасында 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарында жашаган курбусуна барып келем деп чыгып кеткен бойдон кайрылып келбей жаткандыгын билдирген.
Аталган билдирүү дароо Жети-Өгүз РИИБне каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 27-сентябрь күнү болжол менен саат 12:45 чамасында Барскоон айылына күн чыгыш тарабынан кирип бара жаткан май куюучу жайдын биринин видео көзөмөл камерасынан дайынсыз болуп жаткан М.А. «Honda Stream» үлгүсүндөгү автоунаага отуруп кеткендиги аныкталган. Унааны А.К. аттуу адам башкаргандыгы белгилүү болуп, шектүүнү кармоо максатында «Кармоо планы» киргизилген.
Тергөө маалында такталгандай, шектүү А.К. ошол эле күнү М.А.ны «Honda Stream» үлгүсүндөгү авто унаасына салып, Жеңиш айылынын «Азамат» пляжынын түштүк тарабында жайгашкан алма багына алып барган. Ал жерде болжол менен саат 13:00 чамасында жабырлануучуга карата күч колдонуп зордуктаган. Андан соң Тоң районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабында жайгашкан көлмөнүн жанына алып барып мыкаачылык менен муунтуп өлтүргөндүгү аныкталган.


Аталган факты Жети-Өгүз РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын КЖКнын 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошол эле күнү М.А.нын жансыз денеси Чүй облусунун Кемин районунун Жел-Арык унаа жолунун 14-чакырымынан табылган.
Кылмыш болгондон кийин А.К. болгон окуянын изин жашырууга аракет кылып, далил заттарды жашыруу максатында унаасын жууп-тазалап таштап кетип, уюлдук телефонун жана сим-картасын жок кылган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Жети-Өгүз РИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын кичирайондорунун биринде жашынып жүргөн жеринен, бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.К. аныкталып кармалган.
Учурда А.К. Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө амалдары улантылууда.
«Ички иштер министрлиги жарандарды расмий маалымат булактарына гана ишенүүгө чакырат, анткени социалдык түйүндөрдө чындыкка дал келбеген билдирүүлөр таралууда»,-деп айтылат маалыматта.



