Коом

Нарын облусунда инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы талкууланды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабировдун тапшырмасы менен Агенттиктин пландаштыруу жана мониторинг секторунун башчысы Нурбол Тынайбеков Нарын облусуна иш сапар менен барып, жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда аймактагы инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышы, алардын учурдагы абалы, инвесторлорду колдоо механизмдери жана жаңы инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Ошондой эле долбоорлорду ишке ашырууда жаралган административдик маселелерди ыкчам чечүү жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү маселелерине көңүл бурулду.

Иш сапардын алкагында Нарын облусунда ар кандай баскычта ишке ашырылып жаткан бир катар инвестициялык долбоорлорго барып, алардын өндүрүштүк жана инвестициялык көрсөткүчтөрү менен таанышуу жүргүзүлдү. Мындан тышкары, Нарын эркин экономикалык зонасынын ишмердиги жана анын өндүрүштүк потенциалын кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.

Жыйынтыгында Улуттук агенттик, облустагы мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен инвестициялык долбоорлорду коштоо, көйгөйлүү маселелерди ыкчам чечүү жана жаңы инвестицияларды тартуу боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты.

Тектеш кабарлар

Back to top button