Коом
«Түндүк» тиркемеси аркылуу жаңы төрөлгөн баланы онлайн каттоого болот

Мобилдик «Түндүк» тиркемесинде баланын төрөлгөнүн онлайн каттоо кызматы жеткиликтүү болду. Бул тууралуу «Түндүк» ААКтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эми эне да, ата да баланын төрөлгөнүн каттоо боюнча арызды түздөн-түз «Түндүк» тиркемеси аркылуу бере алышат.
«Түндүк» аркылуу төмөнкү кызматтарды колдонууга болот:
даяр туулгандыгы тууралуу күбөлүктү электрондук форматта алуу.
баланын төрөлгөнүн каттоого арыз берүү;
арыздын каралуу статусун көзөмөлдөө;



