Юстиция министрлиги тарабынан Кыргызстандын Адвокатурасынын этика боюнча комиссиясынын ишине талдоо жүргүзүлдү

Министрлик тарабынан КР Адвокатурасы менен биргеликте № 126 буйрукту ишке ашыруунун алкагында этика боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүнө жана адвокаттарга карата тартип өндүрүшүнүн аракеттеги тартибине талдоо жүргүзүлгөн. Бул иш үчүн жарандардын, мамлекеттик органдардын жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарынын адвокаттардын аракеттерине даттанууларды кароонун натыйжалуулугу маселелери боюнча кайрылуулары негиз болду.
Талдоонун жыйынтыгы тартиптик өндүрүштү андан ары өркүндөтүү зарылдыгын көрсөттү. Айрым кайрылууларды кароого бирдей мамиленин жоктугу, бир катар жол-жоболордун жетиштүү регламенттелбегендиги, айрым жоболорду бирдей эмес колдонуу, ошондой эле баяндалган жүйөлөргө ар тараптуу баа бербестен формалдуу негиздер боюнча кайрылууларды кароону акырына чыгарган учурлары аныкталган.
Мындан тышкары, иш кагаздарын жүргүзүүдө жана архивдик материалдарды калыптандырууда айрым кемчиликтер аныкталган. Ошондой эле Мыйзамдын 5-беренесинин 81-пунктунда бекитилген иштерди толук жана объективдүү кароо үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди талап кылуу боюнча ыйгарым укуктарды кыйла активдүү пайдалануу зарылдыгы белгиленди.
Министрлик Адвокаттык иштин көз карандысыздыгынын маанилүү кепилдиги катары Адвокатуранын кесиптик өз алдынча башкаруу системасында этика боюнча Комиссияны сактоо зарылдыгы жөнүндө позицияны карманат. Ошону менен бирге комиссиянын натыйжалуу иши ачык-айкын жол-жоболорду, бир түрдүү тажрыйбаны, тийиштүү иш кагаздарын жүргүзүүнү жана ар бир кайрылууну объективдүү кароону талап кылат.
Талдоонун натыйжаларын эске алуу менен Министрлик адвокатура менен бирдикте комиссиянын ишинин методологиясын өркүндөтүү, тартиптик жол-жоболорду тактоо жана кайрылууларды кароонун бирдиктүү ыкмаларын түзүү боюнча чараларды көрүүнү максатка ылайыктуу деп эсептейт. Арыз ээлеринин далилдерин текшерүүнүн толуктугуна, кабыл алынган чечимдердин негиздүүлүгүнө жана тартип өндүрүшүнүн материалдарын талаптагыдай сактоого өзгөчө көңүл буруу зарыл.
Ошондой эле 2026-жылдын 1-январынан баштап тартиптик иштерди кароо тажрыйбасын кошумча изилдөөнү жүргүзүү сунушталууда. Бул түзүлгөн мамилелерди жалпылоого, чечүүнү талап кылган маселелерди аныктоого жана тиешелүү сунуштарды даярдоого мүмкүндүк берет.
Макулдашылган мамилелер иштелип чыкканга жана зарыл болгон уюштуруучулук чаралары көрүлгөнгө чейин Министрлик тарабынан этика боюнча Комиссиянын ишине өзүнүн өкүлдөрүнүн катышуусун убактылуу токтотуу чечими кабыл алынган. Бул чара калыптанган практиканы биргелешип баалоо жана кийинки кадамдарды аныктоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Министрлик аныкталган маселелер Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы тарабынан кесиптик өз алдынча башкаруу механизмдерин колдонуу менен жөнгө салынат деп эсептейт жана конструктивдүү өз ара аракеттенүүгө даярдыгын билдирет. Бир эле учурда адвокатура жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү жана адвокаттардын тартип жоопкерчилиги боюнча иштер улантылат.
Эгерде түзүлгөн тажрыйба четтетилбесе, министрлик этика боюнча комиссиянын маселелерин министрликтин карамагына өткөрүп берүү менен мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин кошуу менен, алганда тартип өндүрүшүнүн колдонуудагы моделин өзгөртүү жөнүндө маселени карайт.
Биргелешкен иш кайрылууларды кароонун сапатын жогорулатууга, жарандардын жана адвокаттардын укуктарын коргоого, ошондой эле адвокатура институтуна коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзүшү керек.



