Коом

«Социалдык контракт» программасы 41,5 миң баланын жашоосун жакшыртууга жардам берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотованын айтымында, «Социалдык контракт» программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүү механизми болуп саналат.

«Кирешенин жогорулашы бүт үй-бүлөнүн жашоо сапатын жакшыртат. Бүгүнкү күндө программа туруктуу киреше ала баштаган 13 миңге жакын үй-бүлөнү камтыды. Бул үй-бүлөлөрдө 41,5 миңден ашуун 16 жашка чейинки балдар жашайт. Алардын жашоо деңгээли ата-энелеринин бизнес-долбоорлорун өнүктүрүү менен жакшы жагына өзгөрдү», — деди ал.

Жылдыз Полотованын айтымында, жалпысынан мамлекет менен социалдык контрактка кол койгон үй – бүлө мүчөлөрү болгон 70 миңден ашуун адам бакубатчылыктын жакшырышына таасирин тийгизди. Анын ичинен 1,4 миң адам мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button