Коом
Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштери уланууда

Чолпон-Ата шаарында негизги унаа жолунун боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Шаардык ат майдандын тушундагы жашыл бөлүүчү тилкеге он декоративдүү ат скульптурасынан турган композиция орнотулду.
Чолпон-Ата мэриясынан билдиришкендей, жаңы объект курорттук шаардын туристтик жана маданий өзгөчөлүгүн баса белгилөөгө багытталган.
Буга чейин Чолпон-Ата, Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы жол боюнда дагы 22 декоративдүү скульптура орнотулган.
Иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен «Гүлбакча» муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө. Чыгымдардын суммасы такталган эмес.



