УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө алдын алуу иш-чараларын өткөрдү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
2026-жылдын 23-сентябрында КР УКМК тарабынан ыкчам эсепте турган, буга чейин уюшкан кылмыштуу ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн соттолгон, ошондой эле криминалдык чөйрөдө бейрасмий абалды ээлеген адамдар менен профилактикалык маектешүү өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, кылмыш-жаза мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптары түшүндүрүлүп, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердигине катышууга, аларга көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле тиешелүү идеологияны жайылтууга жана үгүттөөгө жол берилбестиги белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мыйзамдуулукту бекемдөөгө, коомдук коопсуздукту камсыз кылууга жана уюшкан кылмыштуулуктун өкүлдөрү тарабынан укук бузуулардын алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет.



