Байге 1 млн сом. Ошто республикалык айтыш өтөт

Ош шаарынын күнүнө жана КР баатыры, залкар жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтөт.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт. Түштүк аймагындагы акындар үчүн тандоо туру 3-октябрда Ош шаарында уюштурулат.
Тандоонун жыйынтыгында эң жогорку упай алган 12 акын финалга жолдомо алат. Финалдык айтыш 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт.
Акындардын чеберчилиги, сөз байлыгы, теманы ачып берүү жөндөмү, үнү, комуз чертүү деңгээли жана сахна маданияты бааланат. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.
Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Маданият министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.



