Коом

Бишкек — Казань каттамы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

«Манас» аэропортунан NordWind авиакомпаниясынын Бишкек — Казань каттамы Казань аэропортундагы чектөөлөргө байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

«Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, учактын пландалган учуу убактысы саат 07:40 болчу. Каттамдын кечигишине Казань аэропортунда «Ковер» режими киргизилип, аба кемелерин кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектелгени себеп болгон.

Каттамга каттоо аяктаган. Жалпы 192 жүргүнчү катталган. Учурда алар аэропорттун стерилдүү аймагында болуп, кошумча маалыматты күтүп жатышат.

Маалыматка ылайык, авиакомпания жүргүнчүлөрдү ысык тамак менен камсыздады. Каттамдын убактысына байланыштуу кийинки маалыматтар кошумча жарыяланат.

Тектеш кабарлар

Back to top button