«Мадина» базарынын жабылышы белгисиз мөөнөткө жылдырылды

Бул тууралуу «Номад» телеканалы Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге шилтеме берүү менен билдирди. Базардын качан жабылары азырынча так айтыла элек.
Мындан тышкары, мэр ишкерлердин кайрылууларын карап чыгып, кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуштарды даярдоо үчүн түзүлгөн макулдашуу комиссиясын жойду.
Эске салсак, июнь айынын аягында «Мадина» базарынын айрым объектилери буздурула баштаган. Кийинчерээк Бишкек мэриясы базар 1-августтан тартып реконструкциялоо үчүн жабыларын билдирген. Бийлик бул иштер шаарды көрктөндүрүү жана соода инфраструктурасын жаңылоо алкагында жүргүзүлүп жатканын айткан. Ишкерлерге альтернатива катары «Мадинанын» жанында курулган жаңы «Ала-Тоо» базарынан соода жайларын сатып алуу сунушталган.
Сатуучулардын айтымында, жаңы базарда 1 чарчы метрдин баасы 3 миң АКШ долларына чейин жетет. Алардын эсебинде, бир соода жайын сатып алуу болжол менен 200 миң долларга түшөт, ал эми ижара акысы айына 150–200 миң сомду түзөт.
Кечээ ишкерлер Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана «Ала-Тоо» базарынын жетекчилиги менен жолугушуп, сунушталган шарттарга макул эместигин жана көчүүгө каршы экенин билдиришкен.



