Коом

Индия Кыргызстанга белек кылган BHISHM мобилдик госпиталдары Беш-Күңгөйдөгү Аскердик госпиталга орнотулууда

Кыргыз Республикасындагы Индиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх аскер атташеси полковник Панкадж Шарма менен биргеликте Чүй облусунун Беш-Күңгөй айылындагы Аскердик госпиталга барып, BHISHM Aarogya Maitri тез жардам көрсөтүүчү модулдук мобилдик госпиталдарын орнотуу иштери менен таанышты.

Орнотуу иштерин Индиянын HLL Lifecare Limited компаниясынын эки адиси жүргүзүүдө. Алар 2026-жылдын 28–29-июль күндөрү Кыргызстанда иш сапары менен болушту.

BHISHM модулдук мобилдик госпиталдары 2026-жылдын 28-апрелинде Индиянын Коргоо министри Раджнатх Сингх тарабынан Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетовго Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында белек катары тапшырылган.

BHISHM (Bharat Health Initiative for Sahyog (Cooperation), Hita (Welfare) and Maitri (Friendship)) модулдук мобилдик госпиталдары Индия өкмөтү тарабынан ишке ашырылып жаткан Aarogya Maitri (Health Friendship) аттуу ири гуманитардык демилгенин негизги бөлүгү болуп саналат. Бул демилге Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди тарабынан 2023-жылдын январь айында өткөн Voice of Global South Summit саммитинде жарыяланган.

BHISHM – дүйнөдөгү биринчи заманбап, жеринде тез жайылтылуучу модулдук мобилдик госпиталь болуп эсептелет. Ал табигый кырсыктарда, куралдуу жаңжалдарда жана көп сандаган жабыркагандар болгон өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн иштелип чыккан. Комплекс толугу менен автономдуу талаа госпиталы катары иштей алат.

Толук комплект 72 жеңил, суу өткөрбөгөн жана бекем мини-модулдан турат. Ар биринин салмагы 20 килограммдан ашпайт. 36 мини-модуль бир чоң модулду түзөт, ал эми эки чоң модуль толук кандуу талаа госпиталын түзүп, алыскы аймактарга оңой жеткирилет.

Толук жайылтылган комплекс бир учурда 200гө чейин жабыркаган адамга медициналык жардам көрсөтө алат. Анда оор күйүктөрдү, баш мээ жаракаттарын, омуртка сыныктарын, ок тийген жаракаттарды, бут-кол сыныктарын жана башка оор жаракаттарды дарылоого мүмкүнчүлүк бар.

Комплекс заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалган. Алардын катарына көчмө жасалма дем алдыруу аппараты, бейтаптын абалын көзөмөлдөөчү көп параметрлүү мониторлор, кан анализдөөчү жабдуулар, көчмө рентген аппараты, операциялык бөлмөнү жайылтуу үчүн керектүү комплекттер, кичи жандандыруу бөлүмүнүн жабдуулары жана хирургиялык аспаптар кирет. Ошондой эле электр генераторлору жана жашоо-тиричиликти камсыз кылуучу негизги буюмдар дагы бар.

Заманбап санарип технологияларынын жардамы менен комплекстеги ар бир буюм RFID-белги менен жабдылган. Бул кампадагы жабдуулардын санын, колдонулушун жана жарактуулук мөөнөтүн реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Система бир нече тилде иштеген планшеттик тиркеме аркылуу башкарылат. Анда окутуучу видеолор, комплексти чогултуу жана жайылтуу боюнча этап-этабы менен көрсөтмөлөр камтылган. Мындан тышкары, маалыматтарды талдоо жана жасалма интеллект технологиялары медициналык жардамды натыйжалуу координациялоого жардам берет.

Бул демилге Индиянын гуманитардык жардам көрсөтүү жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу (Humanitarian Assistance and Disaster Relief – HADR) жаатындагы эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат. Учурда мындай мобилдик госпиталдар дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өнөктөш мамлекеттерге өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам көрсөтүүдө колдонулуп келет.

Тектеш кабарлар

Back to top button