Коом

Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд каттамы ачылышы ыктымал

Бишкек — Ош багыты боюнча ылдам жүрүүчү поезд каттамын ишке киргизүү мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчиси Азамат Сакиев билдирди.

Анын айтымында, мындай поезд менен эки шаардын ортосундагы жолду 6–8 саатта басып өтүүгө болот.

«Бишкек — Ош темир жолун куруу өлкөдөгү транспорттук жүктү азайтууга жардам берет. Тактап айтканда, Бишкек — Ош жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолдорундагы жүк ташуулардын бир бөлүгүн темир жолго өткөрүп, күйүүчү май жана башка товарларды ташууну жеңилдетүүгө шарт түзүлөт», — деди Сакиев.

Ал белгилегендей, Бишкек — Балыкчы багытындагы поезддин жүрүү убактысын дагы 20 мүнөткө кыскартуу мүмкүнчүлүгү бар.

«Учурда бул каттамдагы поезд жолду 4 саатта басып өтөт. Инфраструктура жаңыртылганга чейин сапар убактысы 5 саатка чейин созулган», — деди жетекчи.

Сакиевдин айтымында, поезддин ылдамдыгын ашыкча көбөйтүүнүн зарылдыгы жок. Себеби жүргүнчүлөр, өзгөчө Кыргызстанга биринчи жолу келген туристтер жол боюндагы кооз тоолорду, дарыяларды жана жаратылышты көргөнгө жетишиши керек.

Тектеш кабарлар

Back to top button