Коом

Агартуу министрлигинде 2024–2025-жылдарга бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктары чыкты

Эсептөө палатасы өзүнүн Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2024–2025-жылдардагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыгын карады.

Аудиттин жыйынтыгында каражаттарды пайдалануу жалпысынан мыйзам талаптарына шайкеш келери белгиленгени менен, айрым финансылык бузуулар жана бюджетти башкаруудагы кемчиликтер аныкталган. Алардын ичинде бюджетти түзүүдө жана аткаруудагы бузуулар, мүлктү пайдалануудагы кемчиликтер, эмгек акы төлөө тартибин жана шарттарын сактабастан төлөмдөрдү жүргүзүү, ошондой эле курулуш иштеринин көлөмүн жогорулатуу жана ченемден ашык чыгымдоолор орун алган.

Мындан сырткары, эсеп жана отчеттуулук тартибин сактоодо, ошондой эле мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө да бузуулар катталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча финансылык бузуулар менен кемчиликтерди жоюу жана бюджетке каражаттарды ордуна коюу үчүн жазма буйруктарды жана сунуштамаларды жөнөтүү чечимдери кабыл алынды.

Тектеш кабарлар

Back to top button