Коом

Кыргызстанда Жеңиш чокусуна чыгууга уруксат берүү системасы киргизилди

Кыргызстанда Жеңиш чокусуна чыгуу үчүн уруксат берүү системасы киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн Туризм боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы талаптар былтыр россиялык альпинист Наталья Наговицына каза болгондон кийин киргизилген.

Эми чокуга чыгууга уруксат кагазы вертолеттук жардамды камтыган камсыздандыруусу бар, атайын спорттук даярдыктан өткөн жана альпинизм боюнча чоң тажрыйбасы бар адамдарга гана берилет.

Белгилей кетсек, Наталья Наговицына 2025-жылдын 12-августунда төрт альпинисттен турган топтун курамында тоодон түшүп келе жатып бутун сындырып, Жеңиш чокусунда камалып калган. Ал болжол менен 7100 метр бийиктикте болгон. Ага Италия жана Германиядан келген альпинисттер жардам берүүгө аракет кылып, тамак-аш, суу жана жылуу кийим жеткиришкен. Бирок кийинчерээк алар да каза болушкан.

2025-жылдын август айынын аягында Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги куткаруучулар 6100 метр бийиктикке жеткенин билдирген. Бирок аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу издөө-куткаруу иштери белгисиз мөөнөткө токтотулган.

Ошол эле айда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги россиялык альпинисттин Жеңиш чокусуна чыгуусун уюштурган «Ак-Сай Трэвел» туристтик компаниясына карата кылмыш ишин козгогон.

Тектеш кабарлар

Back to top button