Коом

ММКФ бейтаптарды дарыгерлердин жеке эсептерине акча которбоого чакырды

Дарыгердин жолдомосу менен пландуу түрдө ооруканага жаткырылып, белгиленген кошумча төлөмдү (сооплата) төлөгөн камсыздандырылган жарандарга медициналык кызматтар толук көлөмдө кошумча акысыз көрсөтүлүшү керек. Бул тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ФОМС) билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, пландуу жаткыруу учурунда бейтапка төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

-медициналык көрсөтмөлөргө ылайык дарылоо;

-диагностикалык жана дарылоо процедуралары;

-медициналык зарылчылык болсо операциялык кийлигишүүлөр;

-операция учурунда талап кылынса наркоз (анестезия);

-дарылоо мезгилинде зарыл болгон жана маанилүү дары-дармектердин тизмесине кирген препараттар.

Эгер дарылоо учурунда бейтаптан кошумча төлөм талап кылынса, медициналык мекеме түшүндүрмө берүүгө милдеттүү.

Тактап айтканда: кайсы медициналык кызмат үчүн кошумча акы талап кылынууда жана ал кызматтар

Мамлекеттик кепилдиктер программасына киреби же жокпу.

Бардык расмий төлөмдөр медициналык мекеменин кассасы аркылуу гана жүргүзүлүп, сөзсүз түрдө төлөмдү ырастаган документ (кассалык чек же квитанция) берилиши керек.

ФОМС өзгөчө көңүл бурат: бейтаптар медициналык кызматкерлердин жеке банк эсептерине же электрондук капчыктарына акча которбошу керек.

«Эгер сизде төлөмдүн мыйзамдуулугу боюнча суроолор же күмөн саноолор жаралса, же укугуңуз бузулду деп эсептесеңиз, биринчи кезекте бөлүм башчысына же стационардын администрациясына кайрылыңыз.

Ошондой эле ФОМСтун 113 номериндеги күнү-түнү иштеген ишеним телефонуна чалып, кеңеш алсаңыз же көйгөй тууралуу билдирсеңиз болот», — деп кошумчалашты фонддон.

Тектеш кабарлар

Back to top button