Коом
Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен аскердик машыгуусу башталды

Балыкчыдагы 20636-аскер бөлүгүнүн базасында Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен “Борбор-2026” тактикалык машыгуусунун ачылыш аземи өттү.
Коргоо министрлигинен билдиришкендей, машыгууга 500гө чейин аскер кызматкери, 100гө жакын курал-жарак жана аскердик техника, согуштук FPV-дрондор жана эки өлкөнүн аскердик авиациясы тартылууда.
“Борбор-2026” биргелешкен тактикалык машыгуусу 11-17-август күндөрү Кыргызстан менен Россиянын Коргоо министрликтеринин эки тараптуу кызматташтыгынын алкагында өткөрүлүүдө.



