Окуялар

Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды

Айтматов районунда 94 млн сомдук автобаза мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Райондук прокуратура тарабынан мамлекеттик менчик жаатындагы мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзүлгөн. Анда 2005-жылы мамлекеттик автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси сатып алуу-сатуу келишимдеринин негизинде мыйзамсыз жеке менчикке чыгарылып, пайдаланылып келгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 94 млн сомду түзгөн автобаза жайгашкан 4,7 гектар жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Тектеш кабарлар

Back to top button