Коом
Айыл чарба министри көйгөйлөр боюнча жарандардын кайрылууларын кабыл алат. WhatsApp

Айыл чарба тармагында чечилбей жаткан көйгөйлөр жана түйшөлткөн маселелер болсо, жарандар министрге түздөн-түз кайрыла алышат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Маалыматка ылайык, айыл чарба багытындагы тоскоолдуктар жана чечилбеген маселелер боюнча төмөнкү номер аркылуу кабарлоого болот: WhatsApp / Байланыш номери: 0555 750 750
«Айыл чарба тармагындагы суроолор боюнча тиешелүү маалымат жана консультация алуу үчүн атайын түзүлгөн 1210 байланыш номери иштейт.
Бардык операторлордон чалуу акысыз.
Болгону, жумуш убактысында гана чалууңуздарды суранабыз.
Учурда бул долбоорду мындан ары жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз»,-деп жазган министр.



