Коом

Алматыда электр энергиясы массалык түрдө үзгүлтүккө учураганы айтылды

Алматынын ар кайсы райондорунун тургундары электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатканын билдиришүүдө. Буга KEGOC акционердик коомуна таандык 500 кВ чыңалуудагы аба электр берүү линияларынын авариялык өчүрүлүшү себеп болгонун Tengrinews жазды.

Казакстандын ЖМКларынын маалыматына караганда, 14-августта саат 14:38де Л-5400, Л-5300 жана Л-5320 линиялары авариялык түрдө өчүрүлгөн. Натыйжада «Алатау Жарық Компаниясы» акционердик коомунун (биздеги НЭСКке окшош) электр тармактарында аварияга каршы автоматтык система иштеп, Алматы шаарындагы жана Алматы облусундагы керектөөчүлөрдүн электр энергиясы өчүрүлгөн.

Өчүрүлгөн электр жүктөмүнүн көлөмү 300 МВтты түзгөн. Учурда адистер электр тармактарынын ишин калыбына келтирүү боюнча зарыл иштерди жүргүзүп жатышат.

Белгилей кетсек, дээрлик ошол эле убакта Бишкектин тургундары да ушундай көйгөйгө туш болушкан. Саат 15:00дөн тартып борбор калаанын ар кайсы райондорунун жашоочулары электр энергиясынын өчүп жатканын же үзгүлтүк менен берилип жатканын айтышкан.

Социалдык тармактарда Каинда шаары, Кара-Балта шаары жана Ысык-Ата районунда да электр энергиясы өчүрүлгөнүн жазып жатышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button