Коом
Кант асфальт-бетон заводунун жол тилкеси убактылуу жабылды

Кант асфальт-бетон заводунун автожолунун 1-чакырымынан 6-чакырымына чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштерине байланыштуу унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жеңил унаалар жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн Кант шаары тарапка багыт алган айланма жол ачылды. Айдоочуларга жол белгилерин сактап, көрсөтүлгөн айланма маршрут менен жүрүү сунушталат.
Курулуш иштерине байланыштуу убактылуу ыңгайсыздыктар жаралышы мүмкүн. Жакынкы калктуу конуштардын тургундарынан жана айдоочулардан кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылып, жол кыймылынын эрежелерин сактоо суралат.



