Коом
Рысгүл Акимжанова айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде кадрдык өзгөрүүлөр болду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон тескемеге ылайык, Рысгүл Акимжанова Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Мындан тышкары, министрликтин бир катар башкармалыктарына жетекчилер дайындалып, алар мекеменин жамаатына тааныштырылды.



