Ошто 10 жаңы мектеп жана IT-шаарча курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Ош шаарында болду.
Аталган министрликтен билдиришкендей, Орунтаев президенттин тапшырмасы менен курулуп жаткан 10 жаңы мектептин, анын ичинде 275тен 1200 орунга чейинки билим берүү мекемелеринин курулушу жүрүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле эки деңгээлдүү эстакадалык көпүрө, “Эне-Сай Сити” турак жай комплекси жана “Ош-сити” долбоорунун алкагындагы IT-шаарчанын курулушу жүрүп жатканы белгиленди.
“Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы бир катар маанилүү курулуш объектилериндеги иштер активдүү жүрүп жатат, бир да курулуш токтогон жок. Биз үчүн негизги талап — курулуштун сапатын камсыз кылуу, каражаттын максаттуу пайдаланылышын көзөмөлдөө жана объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү”, — деди Нурдан Орунтаев.



