Монголия мектептерде социалдык тармактарды колдонууга толук тыюу салат

Монголия 2026–2027-окуу жылынан тартып өлкөдөгү жалпы билим берүүчү мектептерде бардык социалдык тармактарды колдонууга толук тыюу салат. Бул тууралуу MongolianNews басылмасы жазды.
Монголиянын бийлиги өлкө боюнча орто мектептерде социалдык тармактарды колдонууга толук тыюу киргизилерин расмий жарыялады. Жаңы чара 2026-жылдын 1-сентябрынан тартып, жаңы окуу жылы башталганда күчүнө кирет.
Билим берүү жана илим министри Энх-Амгалан Лувсанцэрэндин айтымында, тыюу сабак учурунда окуучулардын жеке аккаунттарын колдонушуна гана эмес, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер баарлашкан жалпы чаттарга жана социалдык тармактардагы баракчаларга да тиешелүү болот.
Буга чейин Монголияда үй тапшырмаларын жарыялоо жана иш боюнча кат алышууларды Facebook топторунда жүргүзүү кеңири тараган.
Жаңы эрежелер окуучулардын санариптик коопсуздугун камсыз кылууга жана алардын экранга көз карандылыгын азайтууга багытталган. Чектөө негизинен өлкөдө кеңири колдонулган Facebook, Instagram жана TikTok сыяктуу платформаларга тиешелүү болот.



