Коом
Өкмөт күйүүчү май үчүн субсидиялоону жаңы жылга чейин узартты

Өкмөт күйүүчү май кымбаттабаш үчүн импортчуларды жыл соңуна чейин субсидияламай болду. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому чыкты.
Максат экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, элди автогаз, бензин жана дизель майы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, улуттук экономиканын субъектилерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү экенин айтышты.
Анткен менен субсидияны эсептөөдө колдонулуучу белгиленген баа жогорулатылды.
Анда төмөнкүдөй каралган:
АИ-92 бензининин тоннасы 960 доллар (мурда 860 доллар);
дизель майыныкы 1050 доллар (950 доллар);
автогаздыкы 650 доллар (575 доллар) деп белгиленди.
Ал эми АИ-95 бензинине субсидия берилбейт.



