Коом
Фермерлерге суу үнөмдөөчү технологиялар үчүн 2%дык насыя берилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин жана Мамлекеттик финансылык холдингдин колдоосу менен айыл чарбасында суу үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча долбоор ишке ашырылууда.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, фермерлер тамчылатып сугаруу жана башка заманбап сугат технологияларын киргизүү үчүн жылдык 2% үстөк менен жеңилдетилген насыя ала алышат.
Бул багытты каржылоого 200 млн сом бөлүнгөн.Насыя 7 жылга чейин берилет, мындан тышкары 1 жылга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.
Белгиленген талаптарга жооп берген фермерлер, жеке жана юридикалык жактар насыя ала алышат.



