Бишкекте Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өтүүдө

Бүгүн, 28-августта, Бишкек шаарында “Кыргызстан-Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда” аталышындагы Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму өтүүдө.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Кытайдын мамлекеттик органдарынын, өнүктүрүү институттарынын, каржы уюмдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн 300гө жакын өкүлү катышууда.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасы стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу өнүктүрүп келет. Форумдун алкагында инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясы, өндүрүштөрдү локалдаштыруу, транспорттук, энергетикалык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, санариптештирүү, ошондой эле заманбап жана «жашыл» технологияларды киргизүү маселелери талкууланууда.

«Бүгүнкү күндө биздин милдет — инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү менен гана чектелбестен, аны конкреттүү долбоорлорго, жаңы өндүрүштөргө жана узак мөөнөттүү өнөктөштүккө айландыруу. Мындай жолугушуулар бизнес өкүлдөрүнө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн түздөн-түз талкуулоого, өнөктөштөрдү табууга жана сүйлөшүүлөрдөн практикалык чечимдерге өтүүгө шарт түзөт», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров.

Иш-чаранын алкагында эки тараптуу B2B жолугушуулар өтүп, анда кыргызстандык жана кытайлык компаниялар өз долбоорлорун тааныштырып, өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана биргелешкен демилгелерди ишке ашыруунун шарттарын талкуулашууда. Ошондой эле инвестициялык келишимдерге, меморандумдарга, коммерциялык келишимдерге жана кызматташуу боюнча башка документтерге кол коюу каралган.
Иш-чаранын Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына боло турган сапарынын алдында өткөрүлүшү эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын чыңдоого, ишкер чөйрөлөрдүн ортосундагы түз байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөт.

Кыргыз-Кытай инвестициялык форуму Кыргызстандын чет өлкөлүк өнөктөштөр менен инвестициялык жана экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган эл аралык иш-чараларын улантууда. Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалыгынын алкагында Бишкекте «Кыргызстан — Евразиянын жүрөгү» инвестициялык бизнес-форуму өтсө, июль айында Кыргыз-Өзбек инвестициялык бизнес-форуму өткөрүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик «Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгы» аталышындагы тегерек столдун тең уюштуруучусу болду. Иш-чарада аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо перспективалары талкууланды.
Жакынкы убакта Кыргыз-Герман Ишкер кеңешинин кезектеги жыйынын жана Биринчи Борбордук Азия — Корея бизнес-саммитин өткөрүү пландалууда. Ошондой эле күзүндө “Борбордук Азия жана Араб булуңунун мамлекеттери” II инвестициялык форумун өткөрүү каралууда.
Алдыдагы иш-чаралар түздөн-түз ишкердик байланыштарды түзүүгө, эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.



