Саясат

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун саммити башталды

Кыргызстандын борборуна уюмга мүчө болгон 10 өлкөнүн баарынын жетекчилери келишти. Жыйын жаңы «Ырыс Ордо» конгресс-холлунда өтүп жатат.

1-сентябрь — саммиттин негизги күнү. Алгач ШКУнун Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны, андан соң «ШКУ плюс» форматындагы отурум өтөт.

Кыргызстандын төрагалыгы «ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтыкка, өнүгүүгө жана гүлдөп-өсүүгө бирге» деген ураандын алдында өтүүдө. Юбилейлик саммитте аймактык коопсуздуктан тартып экономикада жасалма интеллектти колдонууга чейин бир катар маанилүү маселелер талкууланат. Жыйынтыгында Бишкек декларациясын кабыл алуу күтүлүүдө. Анын долбоору буга чейин ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлери тарабынан макулдашылган.

Учурда уюмдун курамына 10 мамлекет кирет: Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Алгач, 1996-жылы, уюм Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан кирген «Шанхай бештиги» катары түзүлгөн. Анын негизги максаты аскердик жаатта өз ара ишенимди бекемдөө жана чек араларды демилитаризациялоо болгон.

Ал эми 2001-жылы Өзбекстандын кошулушу жана ШКУнун расмий түзүлүшү менен уюмдун күн тартиби кыйла кеңейген. Анын иш багыттарына терроризмге, экстремизмге жана сепаратизмге каршы күрөшүү да киргизилген

Тектеш кабарлар

Back to top button