Бишкекте жаңы Батыш автобекети ушул айда ачылат

Бишкекте жаңы Батыш автобекетин сентябрь айында пайдаланууга берүү жана расмий ачуу пландалууда. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы билдирди.
Кечээ , 3-сентябрда, Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев объекттин курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Маалыматка караганда, учурда автобекеттин даярдыгы 95 пайызды түзөт. Имараттын ички жасалгалоо иштери толугу менен аяктаган. Эми аймакка асфальт төшөө жана көрктөндүрүү иштери калды.
Автобекеттин аймагында соода түйүндөрү, аялдамалар жана унаа токтотуучу жайлар болот. Объекттин жалпы аянты 30 миң чарчы метрди, жер тилкесинин аянты 16 гектарды түзөт.
Туманбаев подрядчыга калган иштерди белгиленген мөөнөттө бүтүрүп, алардын сапатын камсыз кылууну тапшырды. Ошондой эле жүргүнчүлөр жана өлкө коноктору үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
«Объектти өз убагында бүтүрүү гана эмес, бул жерде жарандар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү маанилүү. Адамдар автобекетте болгон учурда эч кандай ыңгайсыздык жаралбашы керек», — деди ал.



