Коом

Кыргызстанда туроператорлор туристтерди камсыздандырууга милдеттендирилет

Кыргызстандын Министрлер кабинети туроператорлордун туристтер алдындагы жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу эрежелерин бекитти.

Токтомго ылайык, туроператорлор туристтерди медициналык камсыздандырууну же кырсыктан камсыздандырууну камсыз кылууга тийиш.

Жаңы эрежелер «Камсыздандыруу жана камсыздандыруу иши жөнүндө» жана «Туризм жөнүндө» мыйзамдарга ылайык кабыл алынды.

Документке ылайык, камсыздандыруу компанияларынын жоопкерчилик лимиттери туристтик маршруттардын татаалдыгына жараша белгиленет:

салттуу туризм — маданий-таанып-билүү, пляждык жана ден соолукту чыңдоо сапарлары үчүн 3 миллион сомго чейин;

экстремалдык туризм — альпинизм, рафтинг, тоо лыжасы жана жетүүгө кыйын аймактардагы трекинг үчүн 5 миллион сомго чейин.

Аткаминерлердин эсептөөлөрүнө ылайык, бир туристтин камсыздандыруусу күнүнө болжол менен 400–500 сомду, ал эми бүтүндөй тур үчүн 3 миңден 10 миң сомго чейин турушу керек.

Тиешелүү мекеменин маалыматы боюнча, бул сумма туристтик жолдомонун жалпы баасын 1–2 пайыздан ашык көбөйтпөйт.

Токтом 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button