V Элдик курултай 18-декабрда Бишкекте өтөт

Президент Садыр Жапаров тиешелүү жарлыкка кол койду.
Документке ылайык, Курултайга 700 делегат шайланат.
Жарлык менен делегаттардын квоталарын бөлүштүрүү, уюштуруу комитетинин курамы жана анын иш тартиби боюнча убактылуу жобо бекитилди. Делегаттарды шайлоо тартиби IV Элдик курултайдын Улуттук кеңеши иштеп чыгып, бекиткен жобонун негизинде аныкталат.
Уюштуруу комитети делегаттарды шайлоону координациялап, зарыл чечимдерди кабыл алат жана Курултайды өткөрүүнү уюштурат. Бул ишке мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана эксперттер тартылат.
Шайлоону уюштурууга ошондой эле Элдик курултайдын катчылыгы, облустардагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана бир катар министрликтер катышат.
Ички иштер министрлигине делегаттарды жер-жерлерде шайлоону уюштуруу жана өткөрүү учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу милдети жүктөлдү.



