Коом

«Жылдын мыкты мугалими» сынагынын жеңүүчүсүнө батир берилет

Бишкекте 23–25-сентябрь күндөрү «Жылдын мыкты мугалими» жана «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык сынактарынын финалдык этабы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, сынактардын максаты — алдыңкы педагогикалык идеяларды жайылтуу, билим берүүдө заманбап технологияларды жана усулдарды натыйжалуу колдонгон таланттуу, чыгармачыл мугалимдерди аныктоо жана колдоо, ошондой эле алардын кесиптик тажрыйбасын жайылтууга көмөктөшүү.

Сынактардын үчүнчү — облустук/шаардык — этабынын жыйынтыгы боюнча тандалып алынган 133 мугалим жана 28 тарбиячы финалдык этапка катышат.

Бардык катышуучулар диплом жана «Жылдын мыкты мугалими» төш белгиси менен сыйланат.

Сынактын жыйынтыгында эң көп упай топтогон катышуучу Гран-принин ээси болот. Жеңүүчүгө байге катары батир берилет.

Жыл сайын өтүүчү «Жылдын мыкты тарбиячысы» республикалык сынагы төмөнкү номинациялар боюнча өткөрүлөт: тарбиячы, методист, мамлекеттик тил мугалими жана музыкалык жетекчи.

Финалдык этаптын жыйынтыгында мыкты деп табылган төрт педагог Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунан акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

Сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи 2026-жылдын 5-октябрында Бишкек шаарында, Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чаранын алкагында өтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button