Туманбаев жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди

Президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев жаңы Улуттук травматология жана ортопедия борборунун курулушунун жүрүшүн текшерди.
Башкармалыктан билдиришкендей, борбордун курулушу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ишке ашырылууда. Өткөн жылы долбоорду каржылоого Турукташтыруу фондунан тиешелүү каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин президенттин Иш башкармалыгы жүргүзүп, көзөмөлдөөдө.
Жаңы борбор 450–500 орунга ылайыкталып, Борбор Азиядагы адистештирилген медициналык мекемелердин бири болот. Жарандарга медициналык жардам мамлекеттик кепилдиктердин алкагында акысыз көрсөтүлөт.
Курулуш иштери жогорку темпте жүрүүдө. 2025-жылдын апрель айынан тартып бетон жана кирпич иштеринин негизги көлөмү толугу менен аяктаган. Учурда имараттын ички жасалгалоо иштери, инженердик коммуникациялар жана бардык ички системаларды монтаждоо иштери жүрүп жатат.
Имаратка заманбап климаттык көзөмөл системалары жана таза аба берүү технологиясы орнотулат. Ошондой эле борбордун өзүнүн кычкылтек станциясы болот.
Имараттын чатырында санитардык авиация үчүн тик учак аянтчасы курулат. Ал бейтаптарды эки сааттын ичинде түздөн-түз борборго жеткирүүгө мүмкүндүк берет.
Комплекс жер төлө жана жети кабаттан турат. Имараттын жалпы аянты болжол менен 35 миң чарчы метрди түзөт. Бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин ыңгайлуулугу үчүн 12 лифт каралган.
Жер төлөдө 50 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай жайгашат. Мындан тышкары, имаратка жакын аймакта дагы 200гө жакын унаа токтотуучу жай каралган. Ошондой эле бейтаптар сейилдөө үчүн жашылдандырылып, көрктөндүрүлгөн парк зонасы түзүлөт.
Имараттагы курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышууда Каныбек Туманбаев иштин сапатын камсыз кылуу жана долбоорду белгиленген мөөнөттө ишке ашыруу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.



