Коом

Мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык ЖОЖдордун лицензиялары токтотулду

Мамлекеттик аккредитациядан өтпөгөн медициналык жогорку окуу жайлардын лицензиялары токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун өкүлдөрүнүн айтымында, 7-сентябрдан тартып окуу жайларга тиешелүү буйрук кол койдуруу менен бериле баштаган.

Буга чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бардык студенттер аккредитациядан өткөн медициналык ЖОЖдорго бөлүштүрүлгөн.

Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ЖОЖдорду кайрадан аккредитациядан өткөрүү каралганын, бирок азырынча бул жараян баштала электигин билдирди. Аны өткөрүү мөөнөтү да азырынча белгисиз.

Эске салсак, Кыргызстанда медициналык кадрларды даярдоо менен 34 жогорку окуу жай алектенип келген. Алардын 12си мамлекеттик, 22си жеке менчик ЖОЖдор болгон. Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, үч окуу жай мамлекеттик аккредитациядан өтүүгө тийиш эмес болчу.

Аккредитациядан өтүү үчүн 24 билим берүү уюму гана арыз берген. Анын ичинен Кыргызстандагы 13 медициналык ЖОЖ аккредитациядан өтө албай, студенттерди окутууну улантууга укугу жок калды.

Жыйынтыгында медицина багыты боюнча студенттерди окутууга 14 ЖОЖго гана уруксат берилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button