Ош юстиция башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Жунусов көз жумду

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, Ош юстиция башкармалыгынын начальниги ЖУНУСОВ Уларбек Абдыкадыровичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдирет.
Уларбек Абдыкадырович Жунусов 1981-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. 2001-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктап, бакалавр даражасына ээ болгон. 2003-жылы ошол эле окуу жайда «Юриспруденция» адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Уларбек Абдыкадырович эмгек жолун 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда консультант болуп баштаган. Көп жылдык мамлекеттик кызматында ал өзүн квалификациялуу адис, принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары көрсөтө алган. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, прокуратура органдарында, Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Сот департаментинин тутумунда ак ниет эмгектенген.
Уларбек Абдыкадырович кесиптик ишмердигинин олуттуу бөлүгүн юстиция органдарына арнаган. Ош шаардык юстиция башкармалыгында жардамчыдан баштап башкармалыктын начальнигинин орун басарына чейинки эмгек жолун басып өтүп, 2021-жылдын декабрь айынан тартып Ош юстиция башкармалыгын жетектеп келген.
Башкармалыкты жетектеген жылдары ал жарандардын укуктук кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу долбоорлорун ишке ашырды. Анын жетекчилиги астында Кара-Суу районунда башкармалыктын жаңы имараты ачылып, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу жаңы Юстиция үйүнүн курулушу башталган. Жергиликтүү бийлик органдары менен өз ара аракеттенүүнү жолго коюп, мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөгөн, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иштерди да алып барган.
Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы үчүн Уларбек Жунусов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
Мекенинин татыктуу уулу, өз ишинин кесипкөй адиси жана инсан Уларбек Абдыкадыровичтин жаркын элеси кесиптештеринин, досторунун жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтат.



