Коом

Бишкек менен Ысык-Көлдө жол эрежесин көзөмөлдөгөн камералар иштей баштады

11-сентябрдан тарта Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда жол кыймылынын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөгөн стационардык камералар толук кандуу иштей баштады.

Камералар үч тилкеге орнотулган:

Бишкек шаары, Юнусалиев көчөсү, 114/2;

«Биримдик-Кут-3» жаңы конушу, Калинин көчөсү;

Бишкек–Балыкчы унаа жолу, 157-чакырым 700-метр.

Камералар ылдамдыкты жогорулатуу, коопсуздук курун тагынуу талаптарын бузуу жана жол белгилериндеги сызыктарды сактабоо сыяктуу эреже бузууларды автоматтык түрдө каттайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button