Коом

Жалал-Абадда 20 соцобъект пайдаланууга берилди. Тизме

Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда 20 социалдык объект пайдаланууга берилди.

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын ичинде 8 мектеп жана мектептердин кошумча корпусу,️ 7 спорттук объект, 4 бала бакча жана 1 медициналык мекеме бар.

Объекттердин тизмеси:

Базар-Коргон району, Гумкана айылы — А. Тагаев атындагы №18 мектептин спорт залы.

Манас шаары, Котур-Каман айылы — спорт залы;

Токтогул району, Тоолук айыл аймагы — 225 орундуу №24 мектеп;

Ала-Бука району, Ак-Коргон айыл аймагы — Ч. Айтматов атындагы мектептин 275 орундуу кошумча корпусу;

Ала-Бука району, Өрүктү айыл аймагы — А. Жуманазаров атындагы 275 орундуу мектеп;

Ала-Бука району, Ынтымак айыл аймагы, Бирлешкен айылы — 50 орундуу бала бакча;

Сузак району, Ширин айылы — №95 мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;

Сузак району, Көк-Жаңгак шаары — спорттук комплекс;

Сузак району, Кара-Булак айылы — А. Молдосаев атындагы 150 орундуу №59 мектеп;

Таш-Көмүр шаары — балдар көркөм өнөр мектеби;

Таш-Көмүр шаары — спорт залы;

Таш-Көмүр шаары — бокс залы;

Ноокен району, Кызыл-Кыргызстан айылы — №11 мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;

Ноокен району, Дамаш айылы — 75 орундуу бала бакча;

Ноокен району, Шамалды-Сай шаары — спорттук комплекс;

Ноокен району, Чек айылы — №23 мектептин спорт залы;

Аксы району, Жар-Башы участогу — Р. Солпуев атындагы №61 мектеп;

Аксы району, Кум айылы — 100 орундуу бала бакча;

Кербен шаары — райондор аралык медициналык-санитардык-эпидемиологиялык кызматтын филиалынын имараты;

Тогуз-Торо району, Атай айылы — 100 орундуу бала бакча;

Тектеш кабарлар

Back to top button