Окуялар

Кыргызстанда бир сутка ичинде төртүнчү жер титирөө катталды

Кыргызстанда 17-сентябрда бир сутка ичинде төртүнчү жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.

Жер титирөө саат 16:34тө болуп, анын күчү 3 баллды түзгөн. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орто-Сырт айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Булак айылынан 5 чакырым түштүк-чыгышта жана Нарын шаарынан 33 чакырым түштүк-батышта жайгашкан.

Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында жер титирөөнүн күчү болжол менен 3 баллга жеткен.

Белгилей кетсек, сейсмологдор буга чейин 17-сентябрда өлкө аймагында дагы үч жер титирөө катталганын билдиришкен.

Тектеш кабарлар

Back to top button