Окуялар

Чүйдө ит тиштеген 43 жаштагы эркек ооруканага жаткырылды

Чүй облусунда 43 жаштагы эркек эки билегинен жана балтырларынан бир нече жолу ит тиштеген жаракат алып, медициналык мекемеге кайрылган. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ал 12-сентябрда саат 07:30 чамасында ооруканага түшкөн. Дарыгерлер эки билегинде жана балтырларында көп сандаган тиштелген жарааттар, көкүрөк тушунда көгала жана сыйрылган жерлер бар экенин аныкташкан.

Алдын ала маалымат боюнча, аны кошунасынын ити тиштеген.

Учурда бейтап травматология бөлүмүндө дарыланууда. Кутурма оорусунун алдын алуу үчүн ага антирабиялык вакцина эки жолу сайылып, АДС-М вакцинасы жасалган. Ошондой эле антибактериалдык дарылоо дайындалган.

Жарааттардын айланасында бир аз сезгенүү белгилери байкалууда. Бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө. Абалы туруктуу.

Тектеш кабарлар

Back to top button