Бишкекте концерт уюштурууга байланыштуу алдамчылык боюнча экинчи шектүү кармалды

Бишкекте концерт уюштурууга байланыштуу алдамчылык фактысы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 10-августта А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Т.А. 2026-жылдын июнь айында өтүшү керек болгон концертке билеттерди сатып, иш-чара токтотулгандан кийин акчаны кайтарып берген эмес.
ЖЧКга болгон карыздын суммасы 1 миллион 166 миң 400 сомду түзгөн.
Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери 2001-жылы туулган Т.А.ны кармап, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.
Буга чейин бул иш боюнча 2001-жылы туулган И.А. да кармалган. Ал концерт өткөрүүгө биргелешип инвестиция салуу шылтоосу менен Э.Э. аттуу жарандын 20 миң долларын ээлеп алган деп шектелүүдө.
Учурда тергөө иштери жүрүп, окуянын бардык жагдайлары жана келтирилген зыяндын жалпы көлөмү аныкталууда.
Милициянын маалыматында токтотулган концертке кайсы ырчылар же аткаруучулар катышмак болгону айтылган эмес.
Окуядан жабыркагандар жана бул иш боюнча маалыматы бар жарандар укук коргоо органдарына кайрылып же 0559 731 313 телефон номерине байланышса болот.



