Коом

Эл өкүлү Нуржамал Торобекова бардык мектептерди психологдор менен камсыз кылууга чакырды

Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин жыйынында депутат Нуржамал Торобекова бардык мектептерди психологдор менен камсыз кылууга чакырды.

Анын айтымында, окуучулардын жашоосунда психологдордун ролун баалабай коюуга болбойт.

«Көптөгөн балдар жеке башынан өткөргөн окуялары, стресстик кырдаалдар жана буллингге байланыштуу көйгөйлөрү тууралуу дал психологдорго ачык айтып бере алышат. Шайлоочулар менен жолугушууларда ата-энесине, өгөй атасына же өгөй энесине көйгөйлөрүн ачык айта албаган балдар көп экенин айтып жатышты. Психолог менен сүйлөшкөндөн кийин мектептен качып кеткен айрым балдар кайра окууга кайтып, кесипкөй кеңештен кийин абалы жеңилдеген учурлар да болгон. Ошондуктан бардык мектептерди психологдор менен камсыз кылууга чакырам. Эгер ар бир мектепке бирден адис дайындоо мүмкүн болбосо, жок дегенде бир психологду бир нече мектепке бекитүү керек», — деп эсептейт Нуржамал Торобекова.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мектептердеги психологдор үчүн каражат буга чейин бөлүнгөнүн билдирди.

Анын айтымында, адистерди кабыл алуу балдардын санына жараша жүргүзүлөт. Учурда психологдорго коюлуучу квалификациялык талаптар текшерилип жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button