Коом

Кызыл-Кыяда заманбап транспорттук-соода логистикалык комплекси курулат

Кызыл-Кыя шаарында заманбап транспорттук-соода логистикалык комплексин куруу долбоору башталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн комплекстин пайдубалына капсула салынды.

Долбоор Кургак-Сай участогундагы 13 гектар жерге жайгашып, инвестициянын көлөмү болжол менен 3 млрд сомду түзөт. Комплекс мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашырылат.

Долбоордун алкагында заманбап кампалар, соода аянттары, транспорт каражаттарын токтотуучу жана тейлөө жайлары, товарларды кабыл алуу, сактоо жана бөлүштүрүү үчүн логистикалык инфраструктура түзүлөт.

Комплекс ишке киргенде 3 миңден ашуун жаңы жумуш ордун түзүү, соода-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү жана жергиликтүү ишкердикти өнүктүрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button