Коом
Кыргыз эл артисти Тамара Жаманбаеванын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду

Кыргыз эл артисти, белгилүү диктор Тамара Жаманбаеванын сөөгү Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.
Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына маданият министри баштаган мамлекеттик кызматкерлер жана маданият өкүлдөрү катышты. Тажыя Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өттү.
Тамара Жаманбаева 1943-жылдын 14-майында Нарын шаарында төрөлгөн. Ал эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштаган. Өмүрүнүн 65 жылын телерадио тармагына арнап, узак жылдар бою «Акыркы кабарлар» программасын алып барып, кыргыз телесинин жүзүнө айланган.
Ал эмгек жолунда Ош облустук телерадиокомитетин жетектеп, Улуттук телерадиокорпорациянын (УТРК) вице-президенти кызматын да аркалаган.



