Коом
Бакыт Жолдошбеков КУЭТтин директорунун биринчи орун басары болуп дайындалды

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» ААКта башкы директордун биринчи орун басары алмашты.
Кыргыз фондулук биржасы билдиргендей, компаниянын директорлор кеңеши 2026-жылдын 16-ноябрында Шамил Нурбекович Матаевдин Башкы дирекциянын мүчөсү — башкы директордун биринчи орун басары катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Буга анын башка жумушка которулушуна байланыштуу өз ыктыяры менен жумуштан бошотуу тууралуу жазган арызы негиз болду.
Башкы директордун биринчи орун басары кызматына Бакыт Жолдубаевич Жолдошбеков дайындалды.
Чечимди «КУЭТ» ААКтын директорлор кеңеши кабыл алып, ал 2026-жылдын 16-ноябрындагы №21 протокол менен катталды.



