Коом

Кыргызстанда студенттердин стипендиясы жогорулайт

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта мамлекеттик билим берүү мекемелеринин студенттеринин стипендиясы жогорулатылат. Тиешелүү №348 жарлыкка президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 12-октябрында кол койду.

Документке ылайык, стипендиянын жогорулашы мамлекеттик башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринде окуган студенттерге, ошондой эле жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча билим алып жаткандарга тиешелүү болот.

Жарлыкта белгиленгендей, бул чечим студенттерди социалдык жактан колдоону күчөтүү жана алардын материалдык кызыкчылыгын жогорулатуу максатында кабыл алынган.

Министрлер кабинетине жарлыктын аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле 2027-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жана 2028–2029-жылдарга пландалган бюджетти иштеп чыгууда зарыл болгон каражаттарды кароо тапшырылды.

Ошол эле учурда документте стипендиянын жаңы өлчөмдөрү көрсөтүлгөн эмес. Төлөмдөр канчага көбөйөрү жана студенттердин ар кандай категориялары канча өлчөмдө стипендия алары азырынча тактала элек.

Мындан тышкары, мамлекеттик кесиптик окуу жайлардын студенттеринин стипендиясын жогорулатууну мурда жөнгө салган президенттин 2005-жылдын 19-январындагы №20 жарлыгы күчүн жоготот.

Жаңы жарлык расмий жарыялангандан жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бирок стипендияны жогорулатуу 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта гана каралган.

Тектеш кабарлар

Back to top button