Коом

Кыргызстанда мээнин шишиктерин операциясыз дарылоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү

Кыргызстанга мээ ооруларын радиохирургиялык жол менен дарылоочу аппарат алып келинди. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору Индира Кудайбергенова билдирди.

Анын айтымында, жабдуу президент Садыр Жапаров бөлүп берген каражаттын эсебинен сатылып алынган.

Гамма-бычак аппараты гамма-нурлануунун көптөгөн так багытталган шоолаларын оорулуу очокко багыттап, хирургиялык кесүү жүргүзбөстөн дарылоого мүмкүндүк берет. Бул ыкма мээнин айрым шишиктерин, кан тамырлардын кемтиктерин жана башка ооруларды дарылоодо колдонулат.

Эми мындай дарылоого муктаж бейтаптар медициналык жардамды Кыргызстандын өзүндө ала алышат.

Тектеш кабарлар

Back to top button