Мамбет Чокморовдун 130 жылдыгына арналган республикалык айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыргызстанда залкар манасчы Мамбет Чокморовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр төмөнкүдөй орундарга ээ болушту:
- Баш байге: Кутман Садыбакасов;
- I орун: Акматбек Султан уулу;
- II орун: Асылбек Маратов;
- III орун: Темирбек Матыбаев.
Ал эми Чыңгызхан Кожошев менен Жылдызбек Төрөканов атайын сыйлыктар менен белгиленди.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон айтыш өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, залкар манасчы Мамбет Чокморовдун чыгармачылык мурасын даңазалоо, ошондой эле жаш муундарды улуттук баалуулуктарды урматтоого тарбиялоо.
Белгилей кетсек, республикалык айтыш төкмө акындардын өнөрүн өркүндөтүүгө, алардын чыгармачылык дараметин жогорулатууга, кыргыз элинин бай маданий мурасын сактоого жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүгө багытталган маанилүү маданий иш-чара болуп саналат.



