Коом

«Алтын күз» жарманкесинде азык-түлүктөр 30-40% арзан сатылууда

Бишкектеги Т. Усубалиев атындагы Эски аянтта өтүп жаткан жарманкеде айыл чарба продукциялары ортомчуларсыз сатылып, баалар базар баасынан 30-40 пайызга чейин төмөн болууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков «АгроТехЭкспо-2026» көргөзмөсүнүн жана «Алтын күз» жарманкесинин ачылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, жарманке бүгүн башталды. Мындай иш-чараларды мындан ары Кыргызстандын бардык шаарларында жана райондук борборлорунда үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button